|
Страховой тариф
|
|
КАМСЫЗДАНДЫРУУ ТАРИФИ – камсыздандыруу мүчө төгүмдүн өлчөмү, эсептелген эмгек акынын (кирешенин) үстөк пайызы, же болбосо камсыздануучулардын айрым топтору үчүн туруктуу өлчөмдө аныкталат. Камсыздандыруунун милдеттүү түрлөрү боюнча К. т. тийиштүү мыйзамда белгиленет. Өздүк камсыздандыруунун, мүлктү камсыздандыруунун жана жоопкерчиликти камсыздандыруунун ыктыярдуу түрлөрү боюнча К. т. камсыздануучулар тарабынан, камсыздандыруу сыйлыгын аныктоо үчүн өзалдынча эсептелип чыгарылат.
|